Мейманканадагы жолугушуу үчүн…. Милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле Э.А. жана А.Ж. аттуу Кыргыз жарандары кармалды.

19-июнда милиция кызматкери Бишкек шаарынын Тергөө камак жайына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайтып келе жаткан учурда камакка алынган жарандын жарандык күйөөсү А.Ж.дан милиция кызматкери акчалай сыйлык үчүн Соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан. Сокулук РИИБнин кызматкери УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.