Сокулук РИИБдин тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара талап кылган деп шектелүүдө

Милиция кызматкерлери пара талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде УКМКдан билдиришти. 

Апрель айында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө уурулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Текшерүү учурунда кылмыштын курамы жок экени аныкталган, бирок Сокулук РИИБдин кызматкерлери акча алууну деп чечишкен. Милиция кызматкерлери ишти кыскартуу үчүн 50 миң сом талап кыла башташкан. Буга байланыштуу жаран УКМКга кайрылган.

28-апрель күнү кечинде ИИМдин атайын кызматынын жана Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Учкун кичи районунда тергөөчү, милициянын лейтенантын 10 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан. Тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, башка милиция кызматкерлерине карата кылмышка катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.