Сокулукта 13 жаштагы кыздын 9 жигит тарабынан кордолуп келиши. Милиция маалымат берди

Чүй облустук милициясы 13 жаштагы кыздын 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн окуя боюнча маалымат берди.

23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз  Сокулуктагы мейманканадан табылып, Сокулук РИИБге жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалган.

Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. 

«Териштирүү иштеринин алкагында, милицияга айтылган жарандар жеткирилген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүүлөргө карата юридикалык баа берилет. Аталган факты боюнча РИИБдеги тажрыйбалуу кызматкерлерден топ түзүлүп, иш ИИМдин жетекчилигинин жана ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. Милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат жана жабырлануучу тараптын «милиция ишти карабай жатат» дегени чындыкка дал келбейт»,- дешти.