Сокулукта 15 жаштагы өспүрүм эжесин өлтүрүүгө шектелип жатат

23-августта Сокулук районунун Кашка-Баш айылындагы үйлөрдүн биринин уктоочу бөлмөсүнөн башынан жаракат алган 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты. 

Милиция кылмышка шектүү катары анын 2008-жылы туулган инисин кармап, камакка алган. Тергөө уланууда.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg