“Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган адам мени да зордуктап, канжалатып таштап салган” дейт 20 жаштагы кыз

6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын 31 жаштагы жаран тарабынан зордукталганын, кылмышка шектүү кармалганын билдирген. Кыздын атасы жаран жол тосуп турган кызын жумушуна жеткирип коюну убадалап, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ошол эле учурда коомчулукта шектүү буга чейин да жаш кызды зордуктаганы желдей тараган.

SuperTV телеканалына атын атагысы, жүзүн көрсөткүсү келбеген 20 жаштагы кыз кайрылып, дал ошол Сокулуктагы кызды зордуктады делген жаран тарабынан зордукталганын айтты. «Мен ал адамды тааныйт элем. Бир айылда жашагандыктан, күндө көрчүмүн. Окуя 2019-жылы жай айында болгон. Мен ошондо 18 жашка толгон учурум эле. Сүйлөшкөн жигитим бар болчу. Ал азыркы жолдошум, бүлдүркөн терип, кечки саат 9дар чамасында дүкөндөн чыгып, телефондон жигитим менен сүйлөшүп бара жаткам. Анан эле жаныма унаасы менен келип токтоп, менин үйүмө акча бериши керектигин айтты. Мен макул болуп, унаасына отурдум. Анан эле үйдөн өтүп кетти. Каякка айдап баратасыз деген суроомо өйдөн жактан акча алып, ошол акчаны үйдөгүлөргө жеткирип берерин айтты. Ал жактан да өтүп кетти. Ошол жактан күч колдонду, сабады. Чачыман жулду. Каршылык көрсөттүм жакшы эле, бирок алым жеткен жок. Ошол жерден кыларын кылып, канжалатып таштап кетип калган. Эмне кыларымды билбей ошол жерде жаттым. Таңга маал турдум», — деди ал.