Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү март айынын башында Сокулук райондук соту чыгарган.
Ошондой эле шектүүнүн үй-бүлөсү айылдагы үйүнө кайра көчүп келишкени да маалым болду.
Өткөн жылдын декабрь айында Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында орун алган бул окуя коомчулукта резонанс жараткан. Кыздын атасы SUPERTV’га маек берип, кызын чачынан сүйрөп, тишин жана колун да сындырганын айтып берген. Айылдын тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүнүн көчүрүүнү талап кылышып, алар SUPERTV’га берген маегинде жабырлануучунун үй-бүлөсүнөн кечирим сурашкан.