Сокулукта 16 жаштагы өспүрүм сабалган окуя боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 2-октябрда социалдык тармактын колдонуучулары өспүрүм бала сабалып ооруканада жатканын, ал эми Сокулук милициясы шектүүнү коё берип жибергенин жазышкан. Чүй ОИИБ окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда Сокулук РИИБге арыз менен 1974-жылы туулган Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну кайрылып, ошол эле күнү жашы жете элек 2007-жылы туулган уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген жаранга, анын уулуна чара көрүп берүүнү суранган.

«Аталган факты катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган. Учурда келтирилген жаракаттын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат», — дешти.