Сокулукта 2 жаран тарабынан зордукталган өспүрүм боюнча милиция маалымат берди

2021-жылдын 7-июнунда 1941-жылы туулган жаран милицияга кайрылып, 2021-жылдын март айынан бери Төмөнкү-Чүй айылындагы талаада 2010-жылы туулган баласына карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган эки жаранга чара көрүүнү суранган. Бул арыз Сокулук РИИБге катталып, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иш боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалып, арыз ээси, ошондой эле мыйзамдуу өкүлдүн жана социалдык кызматкердин катышуусунда, жашы жете элек бала, мындан тышкары, 2001-жылы туулган жаран суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээси тосмо арыз жазган. Анда ал зордуктоо фактысы болбогондуктан, сотко чейинки өндүрүштү токтотууну суранган жана уулу ачууланып, жогорудагы адамдарга жалаа жапкан, ошондой эле дарыгерлер баары жайында экенин тастыкташканын айткан. 2021-жылдын 12-июнунда Сокулук РИИБдин тергөөчүсү тарабынан кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимдин негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

2021-жылдын декабрь айында адвокаттын өтүнүчүнө байланыштуу кылмыш иши кайра жанданган. Ошондой эле, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” болуп кайра классификацияланган. Адвокаттын өтүнүчү менен комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. «Бирок комиссиялык экспертизанын корутундусу даяр боло элек, ошондуктан тергөө мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш иши токтотулган. 2023-жылдын 28-февралында Сокулук районунун прокуратурасы ишти бир айга токтотуу боюнча тергөөчүнүн токтомун жаңырткан. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти Чүй ОИИБден.