Сокулукта 2 жаштагы наристенин көгала болуп сабалышы. Иш облустук сотто каралат

Чүй облустук соту 2 жаштагы наристени ур-токмокко алуу фактысы боюнча ишти карайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Эки тарап тең биринчи инстанциянын өкүмүнө каршы даттанышкан. Сот 21-сентябрга белгиленген.

 23-июнда Сокулук райондук сотунда 2 жаштагы наристенин сабалышы боюнча соттук отурум өтүп, сот шектүүгө карата чечим чыгарган. Шектүү 5 жылга эркинен ажыратылган.