Сокулукта 2 жаштагы наристенин көгала болуп сабалышы. Шектүү 5 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 23-июнда Сокулук райондук сотунда 2 жаштагы наристенин сабалышы боюнча соттук отурум өтүп, сот шектүүгө карата чечим чыгарды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, шектүү 5 жылга эркинен ажыратылган.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган.