Сокулукта 20дан ашык уурулук фактысына шектүү жарандар кармалды

Август айынан бери Сокулук районунун Шалта жана Кызыл-Туу айылдарынын бир нече тургундары милицияга кайрылышып, уурулук фактылары боюнча арыздарын калтырышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Алардын ичинен Шалта айылынын А.Д. аттуу тургуну үйүнөн 206 миң рубль жана 60 миң сом акча каражатын уурдап кеткенин билдирсе, ошол эле айылдын Ч.А. аттуу тургуну үйүнөн 1 алтын чынжырчасын, 2 алтын шакегин жана 55 миң сом акча каражатын уурдатканын билдирген. Андан тышкары Кызыл-Туу айылынын М.Р. аттуу жашоочусу да кайрылып 26-августтун түнү белгисиз адамдар терезе аркылуу кирип, 20 000 сом акча каражатын жана 1 кол саатын уурдап кетишкенин билдирген.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, жогорудагы уурулук фактыларына шектүү жарандар аныкталып, 1993-жылы туулган А.Ж. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин тергөө абагына киргизилген. Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жарандардын 22 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Учурда сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.