Сокулукта 22 жаштагы келин удаа төрөлгөн 3 наристесин сатууга шектелип жатат

Сокулук районунда келин 3 баласын сатууга шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Сокулук айылынын жашоочусу кайрылып, 2001-жылы туулган мурдагы жубайына чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, келин ага балдарын көрсөтпөй жаткан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө келиндин 2021-жылы кыз төрөгөнүн, кызды Москва районунун тургунуна сатканын, 2022-жылы уул төрөгөнүн, аны да сатканын, 2023-жылы кыз төрөп, аны да сатып ийгени аныкталган. Факты боюнча бала сатуу менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, камакка алынды. Учурда бардык балдардын жүргөн жери аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Кылмыш иликтөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.