Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

Сокулукта 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө төрөттөн кийин 1999-жылы туулган келиндин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу келин көз жумган Сокулук аймактык ооруканага барганда төмөнкүлөр аныкталган. 25 жаштагы кош бойлуу келин Сокулук районундагы төрөт бөлүмүнө 7-сентябрь эртең менен саат 08:20да түшкөн. Ошол эле күнү саат 15:40 чамасында ал уул төрөгөн. Саат 17:45 чамасында абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кечки саат 21:45те көз жумган.

Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө.