Сокулукта 26 жаштагы жаран сабалды. Кылмышка жаш жигиттер шектелүүдө

Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип,  үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-октябрь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы жайгашкан бейтапканадан жарандын жаракат алганы маалымдалган. Аталган маалымат боюнча дароо ыкчам тергөө тобу чыккан. Факты боюнча арыз менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылынын тургуну 1995-жылы туулган жигит кайрылган. Анда 30-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Төмөнкү Чүй айылынын Маданият үйүнүн жанынан бейтааныш балдар келип сабап кетишкендигин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталган.

Милиция тарабынан кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган 3 жигит кармалып, убактылуу кармочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.