Сокулукта 3 окуучу муз алдындагы сууга чөгүп каза болду

Сокулукта 3 окуучу муз алдындагы сууга чөгүп каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, окуучулар муз тебүү үчүн көлмөгө барышып, сууга кирип кетишкен.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда үчөө тең 3-класстын окуучулары.