Сокулукта 48,5 гектар жайыт жер айыл өкмөт тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 гектар жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук актынын жыйынтыгы менен Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 миллион 425 миң сомго бааланган 48,5 гектар жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.