Сокулукта 52 жаштагы аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыгарылды

Сокулукта 52 жаштагы аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

«Соттук отурум учурунда анын туруктуу жашаган жери бар экендиги, жакында эле балалуу болгону, карыган ата-энесинин жалгыз кароочусу экендиги аныкталып, ушундай чечим чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

19-сентябрда саат 19:30 чамасында Сокулук РИИБге Манас айылынын тушунда жөө жүргүнчүнү мотоциклист кагып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Анда 1992-жылы туулган жигит мотоцикли менен 1969-жылы туулган Учкун-2 конушунун тургунун сүзүп кеткен. Аял киши алган жаракатынан көз жумган. Мотоциклдин 1992-жылы туулган айдоочусу Сокулук РИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.