Сокулукта 6 майып кыздын ырыскысы болгон уй уурдалды

Сокулук районунун Шалта айылында жайгашкан 16 жаштан улуу майып кыздарды кабыл алган «Жашоо шамы» үйүнүн жалгыз уюн уурдап кетишти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган үйдүн жетекчиси билдирди. Анын айтымында, бул үй башында Маевка айылында жайгашкан. Бирок ал жерге барууну каалагандардын саны көбөйгөндүктөн, Сокулуктагы Шалта айылынын тургуну өз үйүн берген. Азыр ал жакта 6 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз жашайт.

«Чарбакка бадыраң тигип, аны сатып акча кылабыз. Негизи бизге кайдыгер эмес адамдар, мигранттар жакшы жардам беришет. 2019-жылы бир киши уй алып берген. Анын эки торпогу бар болчу. Чоңураагын быйыл май айында кыздарга спорттук зал салып берели деп сатканбыз. Бир фирма менен келишим түзүп, ошолорго ишенгенбиз. Эми курулушту билесиңер да, алар кум-топурак түшүрүп жатып короо-жай ачык болчу. Ал эми уй короо жок болгондуктан талга эле байланып турчу. Кечээ, 24-июнда таңга маал ошол уюбузду уурдап кетишиптир. Эми эмне дейм, ушундай майып кыздардын тамагын тартып кеткенге аябай керек болгон го… Менин аябай ичим ачышып жатат. Анткени ушул уйдун сүтү менен кыздарыбыз сүт, айран ичишчү эле», — деди ал.

Эгер майыптар үйүнүн тарбиялануучуларына жардам берүүнү каалагандар болсо, 0703179723, 0553117831 номурларына чалып байланышсаңыздар болот.