Сокулукта 7 жаштагы бала ойногону чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда 7 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга Военно-Антоновка айылынын тургуну кайрылып, 2017-жылы туулган Амир аттуу уулу 1-сентябрь күнү саат 16:20 чамасында ойногону чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин билдирген. Бул факты Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Амир Нуркайыповду көргөндөр болсо, Сокулук РИИБге же 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү) номурларына чалсаңар болот.