Сокулукта айдоочу жылкыны сүзгөн. Жылкы унаанын ичине кирип кеткен (видео)

Сокулук районунда унаа жылкыны сүзүп кетти. Видео «Короче» Телеграм-каналында жарыяланды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык бүгүн түнү Кашка-Баш айылында болгон. Ат унаанын алдыңкы айнегин тешип, ичине кирип кеткен. Айдоочунун абалы боюнча маалыматтар такталууда.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгынын чоо-жайын тактап жатканын айтты.