Сокулукта алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн аял кармалды

Сокулук районунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы Мерседес Бенц-814 үлгүсүндөгү баасы 8 миң доллар турган унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда аталган кылмыш ишине шектүү 1973-жылы туулган жарандын аты-жөнү аныкталып, ага карата сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

2021-жылы жаранга издөө жарыяланган. Кечээ, 21-мартта жарандын жүргөн жери аныкталып, Сокулук райондук сотунун чечимине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.