Сокулукта аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Сокулук районунун Фрунзе айылында аялды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 30-сентябрда кечки саат 7лер чамасында болгон. Айдоочу аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ошол жерде каза болгон. Эртеси Сокулук РИИБдин жана Чүй ОИИБдин кызматкерлери Ниссан Сирена унаасынын айдоочусунун аты-жөнүн аныкташып, ал 1976-жылы туулган Фрунзе айылынын тургуну болуп чыкты. Шектүү кармалды.