Баласын сабоого шектелген өгөй атаны сот үйүнө чыгарды

Сокулукта баласын сабоого шектелген өгөй атага карата сот камакка албаган бөгөт чарасын кабыл алды. Тагыраагы өгөй ата эки айга эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгарылган.

Аптанын башында социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Окуянын өзү 18-ноябрга караган түнү Сокулук районундагы “Поле чудес” конушунда орун алып, бала ооруканага жеткирилген. Факты “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен каттоого алынып, баласын сабоого шектелген өгөй ата кармалган эле. Окуяны Ички иштери министри Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алганы да айтылган.

Кечээ парламентте Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Ализа Солтонбекова баланын апасы доом жок деп тосмо арыз жазып бергенин, бирок өгөй ата менен министрлик соттошорун билдирген.