Сокулукта бет кап, кол кап менен дүкөнгө кирип, кызга бычак такаган киши изделип жатат

Сокулукта бет кап, кол кап кийип, дүкөнгө бычак менен кирген киши изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

5-январда милицияга арыз менен Студенческое айылынын 1965-жылы туулган тургуну кайрылып, саат 19:20 чамасында ак түстөгү медициналык маска кийген, колунда кол кабы бар адам Сокулук районунун Студенческое айылында жайгашкан дүкөнүнө кирип, бычак менен дүкөндө болгон жашы жете элек 2005-жылы туулган кызды бычак менен коркуткан. Ошол учурда дүкөнгө кардар кирип калып, кыз сыртка качып кеткен мезгилде, кол салган адам кассадагы акчаны алып, дүкөндүн арткы эшигинен качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, Жазык кодексинин 207-беренеси менен (каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Жергиликтүү ЖМКлар кыздын бычак жегенин жазып чыгышкан. Бул боюнча милициядан «кичинекей жер тилинип кеткен» дешти.