Сокулукта чоң ата небересине бычак сайып жиберүүгө шектелип кармалды

Сокулук районунда мас абалындагы чоң ата небересине бычак сайган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-июнда саат 17:00 чамасында Ново-Павловка айылында 1956-жылы туулган жаран мас абалында өзүнүн 2006-жылы туулган небересине бычак сайып жиберген. Кесепетинен жигит Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары чоң атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.