Сокулукта чырдан улам 50 жаштагы жаран киши колдуу болду. Шектүү кармалды

Сокулукта адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

8-декабрда саат 21:00 чамаларында Сокулукта спирт ичимдигин ичип отурган 1973-жылы туулган жаран менен 1983-жылы туулган жарандардын ортосунда чыр чыккан. Кесепетинен 1973-жылы туулган жаран көз жумган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.