Сокулукта дүкөндөн сейф уурдалган. Ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалышты

27-апрелде милицияга арыз менен М.Д. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Сокулук районунун Фрунзе айылындагы «Б-Д» агро-маркетинин кеңсенине кирип, 2 миллион сомдон ашык акча каражаты бар темир сейфти уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү билдирип кайрылган. Аталган факты катталып, уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Э.Ж. жана 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар аныкталып, алар Ош шаарынын аймагында кармалышкан. Тергөө учурунда шектүүлөр ошол күнү «Шевроле Спарк» унаасы менен жүрүшкөнү, кылмыш кылгандан кийин Ош шаарына изин жашырышканы аныкталган.

30-апрелде шектүүлөр кармалышып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга токтотулган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн бири Б.А. аттуу жаран 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1 миллион 500 миң сом акча каражатын уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөн. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө Б.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда тургандыгы аныкталган.

Учурда бул жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө амалдары уланууда.