Сокулукта эки жаран апийим менен кармалды. Алардын бири милиция кызматкери

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул атайын операцияны жүргүзүүгө ИИМдин Ички иликтөө кызматы, ИИМдин жана Бишкек ШИИБдин бир нече кызматтарынын жана башкармалыктарынын кызматкерлери дагы тартылган. Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-майында  болжол менен саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Орок айылында 1973-жылы туулган Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Андан кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Болжол менен ал зат 1 килограмм 685 грамм болгон апийим болгон.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул баңги кылмышына шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу 1971-жылы туулган дагы бир жаран аныкталган. Шектүүдөн 25 грамм апийим табылып алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран ИИББдин райондук башкармалыгынын биринде милиционер-айдоочу болуп иштеп келген. Азыркы учурда мындан аркы иликтөө иштери жүрүп жатат.