Сокулукта ири өрт чыкты (видео)

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылында жайгашкан үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 20:57ден тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өрт саат 21:52де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.