Сокулукта “жер мафиясынын” мүчөсү кармалды

Сокулук районундагы мунапыстагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу менен алектенген “жер мафиясынын” мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык мунапыс берилген жер тилкелерин алдамчылык жолу менен мыйзамсыз сатуунун туруктуу схемасы аныкталып, алардын 2 уюштуруучусу кармалды.

Тактап айтканда, “Гектарщик” жер мафиясы дегендердин мүчөлөрү алдамчылык схемасын уюштуруп, мурда мунапыс алган жер тилкелерине ээлик кылып, потенциалдуу сатып алуучуларды таап, аларга жер тилкесин тескөө боюнча ишеним каттарды беришкен. Ошол эле учурда жер тилкелери үчүн акча каражаттарын алгандан кийин, аталган схеманын уюштуруучулары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү арыз берүү менен жокко чыгарышкан, тагыраагы сатып алуучуларга мүлккө болгон укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында сатып алуучулар өзгөчө ири чыгымга учурашкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.