Сокулукта жоголгон 12 жашар кыз Оштон, бейтааныш аялдын үйүнөн табылды

18-майда Сокулук РИИБге 1975-жылы туулган жаран 2010-жылы туулган кызын издөөгө жардам сурап кайрылган. Кайрылуусунда кызы 18-май күнү түшкү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Бул факты Сокулук РИИБнин маалыматтарды каттоо китепчесине катталып, издөө иш-чаралары башталган.

Маалыматка караганда, 18-май күнү жашы жете элек кыз бейтааныш кыз менен үйүнө келип, аны классташым деп тааныштырган. Ата-энесинен оңдоого деп 500 сом алып кеткен бойдон кайрылып келбей, эртеси туугандарына телефон чалып, Ош облусунда жүргөнүн билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган жаран кармалды. Анын өспүрүм кыз менен эч кандай туугандык жайы жок, телефон аркылуу таанышып, алдап үйүнөн чыгарып кеткени маалым болгон. Кылмышка шектүү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын иликтенүүдө жана шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.