Сокулукта жол кырсыктан 1 адам көз жумуп, дагы экөө жаракат алды

иллюстрация

Сокулуктагы жол кырсыкта 1 адам көз жумуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 25-октябрда саат 22:00 чамасында катталган. Анда Mercedes-Benz менен Аudi унаалары сүзүшкөн. «Кырсыктын кесепетинен аял киши көз жумду. Дагы экөө ар кандай жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.