Сокулукта жол тандабастын айдоочусу эки окуучу кызды сүзүп кетти

Сокулукта жол тандабастын айдоочусу эки окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан ырасташты.

Жол кырсыгы кечээ, 18-февралда саат 7:20 чамасында катталган. Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу кырсык катталган жерден из жашырып кеткен. Кийин ал Сокулук районунун кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, териштирүү үчүн айдоочуну тергөө тобуна өткөрүп беришти. Унаасы айып короо жайына токтотулган. Жабырлануучулар 14-15 жаштагы кыздар жана алар ооруканага жаткырылды.

Кырсыктын видеосун блогер Болот Ибрагимов жарыялап, соккудан кыздар учуп кетип, чакан автобустун астында калышканы маалымдалган.