Сокулукта 7 жеңил унаа алып бара жаткан жүк ташуучу унаа күйүп кетти (видео)

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Жалын саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.