Сокулукта капчыгы толо доллар, евро менен жүргөн жаран таландыда калды (видео)

Кечээ, 24-январда жасалма акчага көмүр сатып алган деген жаран кармалганын милициядан билдиришкен.

Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 22-январда Сокулук айылынан жасалма 200 долларга 1,7 тонна көмүр алып, калган 4300 сом акчасын алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, анын жанынан жасалма акча табылып, ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар экени аныкталган.

Ал эми бүгүн, 25-январда социалдык тармактарда видео тарап, СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу жаран кармалган шектүү экенин тастыкташты. Видеодо жарандар анын баштыгынан доллар, евро табышып, анын баары жасалма экенин айтып жатканын угууга болот.