Сокулукта көгала болуп ооруканага түшкөн баланы сабоого шектүү кармалды

Сокулук районунда эки жашар баланы ур-токмокко алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап эмгектенген. Наристенин апасы акыркы учурда иш берген адамдын үйүндө жашап жүргөн. Баланын апасы берген көрсөтмөсүндө наристени иш берген киши сабаганын айткан», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле соцтармакка баланын атасымын деген кишинин видеосу тарады. Видеодо анын иш берген адамдын баласын жана аялын сабаганын көргөнүн айтып берген. Анын билдирүүсү боюнча, ал бир нерсе кылуудан чочулаган, себеби иш берген киши анын үй-бүлөсүн коркутуп келген. Ал аялы милицияга арыз жазганын да айткан.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган.