Сокулукта көгала болуп ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала апасы тарабынан сабалган

Сокулуктагы ооруканага дене жаракаттары менен түшкөн 2 жашар бала апасы тарабынан сабалган. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы ооруканага атасы алып келген. “Бала оорукананын реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган”, — деди ал.

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Сокулукта көгала болуп сабалган 2 жашар бала ооруканага жеткирилгени, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен.