Сокулукта көгала болуп сабалган бала буга чейин да кулагы сынган абалда ооруканага жеткирилген

Сокулук районунда көгала болуп сабалган 2 жаштагы бала буга чейин кулагы сынып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окуя 19-январда болгон. Баланын кулагынын кемирчеги сынган. «Кароо учурунда ата-энеси бала жыгылып кеткенин айтышкан. Дарыгерлер аны №3 шаардык клиникалык балдар ооруканасына жөнөтүшкөн. Бирок 3-февралда баланы кайрадан ооруканага алып келишкенде, бул жараат ириңдеп кеткен», — деди ал. 

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган.