Сокулукта көгала болуп сабалган наристе ооруканадан чыкты

Сокулук районунда зордук-зомбулукка кабылган наристе ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

«Менде жакшы кабар бар. Бала ооруканадан чыгарылды. Аны чоң энесине убактылуу камкордукка өткөрүп берген. Кайрымдуулук уюмдары тергөө учурунда аларга ыңгайлуу батир алып беришкен. Эми аны узак реабилитация күтүп турат, тез сакайып кетишин каалайм! Биздин уюм ага юридикалык жардам көрсөтүүнү улантууда», — деп жазган ал.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.