Сокулукта көлмөдөн изделип жаткан кишинин сөөгү табылды

Сокулукта көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

20-июнда Сокулук айылында көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган эркек кишинин кийимдери табылып, сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматына маалымат түшкөн. Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 6 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.