Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон 3 бала тууралуу милиция маалымат таратты

Сүрөт: "Турмуш"

Кечээ, 2-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Майская айылында жайгашкан каналга үч жашы жете элек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Аталган факты мыйзамда белгиленген тартипте катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда үч баланын тең табылганы, алардын сөөгү каналдан чыгарылганы, бирок тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калышкандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылы төрөлгөн сууга чөгүп каза болгон жашы жете элек балдар такталган: М.Н., С.Э. жана И.М.

Балдардын күн сайын чогуу ойноп жүргөндүгү, ата-энелеринин үй-бүлөлөрү кошуна жашап, туугандык байланышы бар экендиги аныкталган. Канал алардын жашаган үйлөрүнөн болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан. Ошондой эле аталган канал айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу толтурулгандыгы, анын айланасында тосмо жоктугу жана жээктери муз болуп тоңуп тургандыгы белгилүү болгон. Саат 14:00гө чейин балдардын жоктугун эч ким байкаган эмес. Балдар менен чогуу ойноп жүргөн, 2021-жылы төрөлгөн М.И. сүйлөй албагандыгына байланыштуу апасы К.Н.га келип, болгон окуя тууралуу билдирүүгө аракет кылган. Баласын түшүнө албаган энеси аны ээрчип барып, каналдын жээгине келгенде балдардын сууга чөгүп кеткенин көрүп, жардамга чакырган.

Каза болгон балдардын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.