Сокулукта күйгөн фура жана кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү

Сокулукта күйгөн фура жана кафедеги өрт толугу менен өчүрүлдү.

«Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок», — деп билдирет ӨКМден.

Бүгүн, 2-февралда Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө  “Вольво 420” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газ баллондору жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан «Жигитос» кафесине өткөн.