Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ушул жылдын март айында Сокулук РИИБге мурунку күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 1993-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, мурдагы күйөөсү март айынын аяк ченинде саат 22:00дөр чамасында күч колдонуу менен 55 миң сомдон ашык суммадагы эки телефонун тартып алып, качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган жаран кармалды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде катталган.
Учурда шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.