Сокулукта мурдагы жубайын тоногон делген жаран кармалды

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын март айында Сокулук РИИБге мурунку күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 1993-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, мурдагы күйөөсү март айынын аяк ченинде саат 22:00дөр чамасында күч колдонуу менен 55 миң сомдон ашык суммадагы эки телефонун тартып алып, качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган жаран кармалды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде катталган.

Учурда шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.