Сокулукта муз алдындагы сууга чөгүп каза болгон 3 окуучу тууралуу милиция маалымат берди

Сокулукта муз алдындагы сууга чөгүп, каза болгон 3 окуучу тууралуу Чүй облустук милициясы маалымат берди. 

26-январда милицияга Сокулук айылындагы көлмөлөрдүн биринде жашы жете элек балдардын сууга чөгүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки терштирүү иштери башталган. Сокулук РИИБдин ыкчам-тергөө тобу көлмөдөн үч өспүрүмдүн жансыз денесин алып чыгышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.