Сокулукта окуучунун көз жумушу. Ишти министр жеке көзөмөлүнө алды

Сокулуктагы 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш ишти тергөөнү ИИМдин башчысы жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Сокулукта 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелип жатканын билдирген. Окуя 5-сентябрда сабактан тышкаркы убакта болгон. Балдар бул күнү сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала мектептен 2 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң, 20дай бала кетип калган. Б.С. аттуу бала калган балдарды тизип алып уруп жатканда, 2009-жылы туулган бала өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок бала өзүнө келбегендиктен Тез жардам чакыртышкан.

Аталган окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган жаран кармалып, сот аны 2 айга камакта калтырган.  Бул кылмыш иштин жүрүшүн ички иштер министри көзөмөлүнө алды.