Сокулукта сабалган наристе. Апасы баласынын башындагы жарааттарды кайдан алганын билберин айтты

Бүгүн, 19-апрелде Сокулук райондук сотунда 2 жаштагы наристени ур-токмокко алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында соттук отурум өтүп жатат. Соттук отурумга судья Манасбек Кулмурзаев төрагалык кылууда.

Кылмышка шектүү сотко жеткирилди. Күбө катары баланын апасы суралды. Ал баланын атасы менен 2021-жылдын октябрь айында эки жолго түшкөнүн айтты. «Бала чалынып, жыгылып, тизесин, башын ургандыр. Чоң дөңсөөлөр бар болчу, өз алдынча баса албайт, мен жетишпей калам, баламдан башка 4 жаштагы кызым бар. Октябрь айында күйөөмдөн кеткем, ал балдарды дем алыш сайын алып келүүнү суранган», — деди апасы. 

Ал ошондой эле кылмышка шектүү анын көзүнчө баласына кол көтөрбөгөнүн айтты. «Менин көзүмчө Александр Самаркин (шектүү) уулумду сабаган эмес, мен ага жол бербейт элем. Жолдошум менен жашабайбыз, ажырашып, кайра жарашып калчубуз. Бири-бирибизди түшүнүшкөн жокпуз», — деп кошумчалады баланын апасы. 

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.