Сокулукта сабалган наристенин апасы сотко келбей, соттук отурум жылды

Бүгүн, 21-апрелде Сокулук райондук сотунда 2 жашар наристенин сабалышы боюнча соттук отурум уланды.

Соттук отурумда баланын апасы келбегени, ал ооруп жатканын айтканын, бирок оорусу тууралуу маалымкаты жок экени маалым болду. Прокурорлор апасы жок эле күбөлөрдү сурай берүүнү суранды. Бирок баланын чоң апасы, адвокат буга каршы болушту. Соттук отурум 26-апрелге жылды.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.