Сокулукта секелек кыздын кордолуп келиши. «Кыз ар ким менен жүрчү экен» дейт шектүүнүн апасы

20-мартта Акыйкатчы институтунан Сокулукта 13 жаштагы кыздын системдүү түрдө 9 жигит тарабынан зордукталып келгенин билдиришти. Маалыматка караганда, кызды алар коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай келишкен. Чүй облустук милициясы 2009-жылы туулган кыздын 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн окуя боюнча маалымат берген.

«23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз Сокулуктагы мейманканадан табылып, Сокулук РИИБге жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Кыз айткан жарандар тергөөгө жеткирилген», — деген алар эч ким кармалбаганын билдиришкен. 

Бүгүн, 22-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалганын билдиришти. «Бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдар такталууда. Бардык жагдай боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, тергөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — дешти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги шектүүлөрдүн биринин апасы менен байланышканызда, уулуна жок жерден жалаа жаап жатышканын айтты. «Бул кыз мурда эле ар кайсы жигит менен жүрчү экен. 20 күн мейманкада бир жигит менен жүрүптүр. Мейманканаларга 2003-жылы туулган эжесинин паспортунун сүрөтү менен катталып, өзүн 18-23 жаштагы кыз катары көрсөтчү экен. 9 бала бирин-бири тааныбайт. Эмне үчүн ушундай кыз үчүн балдарыбыз кесилип кетиши керек», — дейт апасы.

Редакция жабырлануучу тараптын версиясын чагылдырууга даяр.