Сокулукта спорт залдан окуучу кыз асынган абалда табылды

Сокулук районунда спорт залдан окуучу кыздын асынып турган абалда жансыз денеси табылды. Маркум Фрунзе айылындагы Фрунзе №1 орто мектебинин 9-классында билим алып жаткан.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, окуя 23-февраль күнү болгон.

Райондук билим берүү бөлүмү бул фактыны тастыктап, төмөнкүлөрдү билдиришти.

«Бул кызды апасы төрөгөндөн кийин өзүнүн энесинин колуна таштап кеткен экен. Андан кичүү 2-класста окуган бир тууганы бар. Экөө теӊ таенесинин колунда жашап жатышкан. Апасы болсо өз алдынча турмуш куруп кеткен. Таенеси 74 жаштагы кары киши.

Акыркы учурда кыздын апасы үйүнө кайтып келип, чогуу жашап жатышкан. Бирок кызы менен тил табыша албай, экөө уруша башташкан. Буга чейин маркум Фрунзе айылындагы менчик машыгуу залына барып, машыкчу экен. Ошол күнү спорт залдын ачкычын сурап, жалгыз калганын айтышты. Ошентип кечки саат 6 чамасында аны асынып турган абалда жансыз денесин табышкан. Өзү жоош, тартиптүү кыз болчу. Ошол себептен ага ишенип ачкычты беришкен көрүнөт», — деп айтылат маалыматта.